# 73-берене. Ашыкча төлөнгөн жана (же) ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 73-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-73

---

1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кодекске, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашып кеткен акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.

2. Бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөөчүнүн арызы боюнча жана Кодексте белгиленген учурларда Комиссия тарабынан аныкталган товарларга карата декларацияда, бажылык кириштөө ордеринде же болбосо башка бажы документинде билдирилген, эсептелип чыккан бажы төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген шартта кайра кайтарууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 74-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, арыз эсебине көрсөтүлгөн суммалар төлөнгөн бажы органына, аларды төлөгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирбестен берилет.

3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы табылган учурда, бажы органы ушундай факт табылган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен, төлөөчүгө ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн бажы органынын чечими боюнча кайра кайтарылат (эсепке чегерилет). Кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арызды кароо, кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) тууралуу чечим кабыл алуу жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) үчүн зарыл болгон жалпы мөөнөт кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда, белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасына кайра кайтарып берүү мөөнөтү бузулган ар бир кун үчүн пайыз эсептелет.

5. Кайра кайтарып берүү (эсепке чегерүү) бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шарттарда жүргүзүлөт.

6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү, эгерде арызда башкача эскертилбесе, төлөөчүнүн төлөнгөн же өндүрүп алынган эсебине кайра кайтарылат. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн пайдасына башка жак төлөсө, ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү ошол жакка кайра кайтарылат.

7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.

8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат (эсепке алынат).

9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төмөнкүдөй учурда жүргүзүлбөйт:

1) төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кайра кайтарыла (эсепке чегериле) турган суммага барабар же андан ашык өлчөмүндө карызы болгондо;

2) ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз берилгенде.

10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айыптарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу эсебине чегерүү түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыз болгон учурда, бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эсебинен өз алдынча жаап коюуга укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке чегерүү жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.

12. Бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган бардык учурларда, бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн дата, анын себеби жана кайра кайтарылган сумма тууралуу ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органдарына маалымдайт.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-74)
