# 72-берене. Бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 72-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-72

---

1. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) тийиш.

Кодекстин 67-беренесинин 1-пунктунун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) эсебине бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы чегерилген бажы органына бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыкканы ырасталганда жүргүзүлөт.

2. Ашыкча төлөнгөн бажы жыйымдарынын суммасы ушул Мыйзамдын 73-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) тийиш.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-73)
