# 71-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун өлчөмүн аныктоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 71-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-71

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча тарифтик преференцияларды жана жеңилдиктерди колдонбостон, товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна же экспорттоонун бажы жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон товарларды чыгарып берүүгө байланышкан операцияларды бажы органы тарабынан жүргүзүү үчүн бажы алымдарынын, салыктардын, жыйымдардын суммаларына жараша аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарышын камсыздоонун так көрсөтүлгөн өлчөмү аныкталышы мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүн, ошондой эле ушундай камсыз кылуунун өлчөмдөрүн аныктайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-72)
