# 7-берене. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана салык мыйзамдарын колдонуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 7-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-7

---

1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүдө, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача каралбаса, бажы декларациясы жана башка бажы документтери катталган күнгө карата колдонуудагы бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулат.

2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн товарларга карата, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.

Эгерде товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күн белгиленбей калса, Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, бузуулар табылган күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.

3. Бажы декларациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен эки же андан ашык товарга декларация берилген учурда, товарларга биринчи декларация катталган күндөгү бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, салык мыйзамдары колдонулат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-8)
