# 68-берене. Мүлктү күрөөгө коюу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 68-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-68

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык, күрөө предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган мүлк;

2) үчүнчү жактын пайдасына башка бир милдеттенмени же болбосо мурдагы башка милдеттенмелер менен жүктөлгөн башка мүлктү камсыздоо үчүн мурда коюлган мүлк;

3) бат бузулууга учурай турган товарлар, жаныбарлар;

4) энергиянын электр, жылуулук жана башка түрлөрү;

5) ишканалар;

6) мүлктүк укуктар;

7) жүгүртүүдөгү товарларга коюлган күрөө;

8) эркин сатууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тыюу салынган өндүрүш продукциялары жана калдыктары;

9) өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча гана багытталуучу мүлк.

2. Күрөө бажы органынын жана күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен жол-жоболонот. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жак же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жактын пайдасына күрөө койгон башка жак күрөөгө коюучу боло алат.

3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаганда, бажы төлөмдөрү боюнча карыздын суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

4. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-69)
