# 67-берене. Кепилдик кылуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 67-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-67

---

1. Кепилдик кылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Кепилдик кылуучулардын реестрине киргизилген кепилдик кылуучу менен бажы органынын ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жол-жоболонот.

2. Юридикалык жактарды Кепилдик кылуучулардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ыкмасын кепилдик кылуу катары тандаганда, кепилдик кылуучу болууга ниеттенген жак кепилдик кылуу келишимин түзүү жөнүндө бажы органына сунуш жиберет.

4. Бажы органы кепилдик кылуу келишимин түзүүгө байланышкан чыгымдарды тартпайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-68)
