# 65-берене. Бажы органынын эсебине акчалай каражаттарды салуу (депозит)

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 65-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-65

---

1. Бажы органын эсебине же кассасына бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары акчалай каражаттарды салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.

Депозиттин суммасына пайыздар чегерилбейт.

2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаганда, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозитте жайгаштырылган суммадан чегерилет.

3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда, төлөнгөн акчалай каражаттар ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык кайра кайтарылууга же төлөөчүнүн каалоосу боюнча бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынууга же болбосо бажы органдарынын алдында келип чыккан башка милдеттенме боюнча бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо үчүн пайдаланылууга жатат.

4. Депозиттин салынгандыгын ырастоо үчүн, бажы органынын эсебине же кассасына акчалай каражаттарды салган жакка депозиттик сертификат берилет, анын формасы жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-66)
