# 63-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 63-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-63

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары Кодекстин 9-главасында аныкталган.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй учурларда камсыздалат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган учурларды кошпогондо, товарлар шарттуу чыгарып берилгенде;

3) Кодекстин 120-беренесине ылайык, товарларга карата декларация тапшырылганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;

4) Кодекстин 121-беренесине ылайык, бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;

5) Кодекстин 122-беренесине ылайык, бажы экспертизасы дайындалганда товарлар чыгарып берилгенде;

6) товарлар бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылганда;

7) бажы иши чөйрөсүндө иштер жүзөгө ашырылганда;

8) ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Кодекстин 120-122, 146, 304 жана 437-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян келтирилген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбейт.

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-64)
