# 62-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 62-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-62

---

1. Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян төлөөчүгө келтирилген учурларды кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздар алынат.

2. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, төлөө тартиби Кодекстин 60-беренесинде белгиленген.

3. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, мындай пайыздарды төлөө тартиби ушул Мыйзамда ташып келүү бажы алымдары боюнча пайыздарды төлөө мөөнөтүнө, алардын өлчөмүнө, мындай пайыздарды төлөө тартибине карата каралган нормаларга ылайык колдонулат.

4. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-63)
