# 61-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө жол бербөөчү жагдайлар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 61-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-61

---

1. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө талаптануучу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт, эгерде ушул жакка карата:

1) салык мыйзамдарын же бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууга байланышкан кылмыштын (бузуунун) белгилерине жараша жазыктык иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталса же өндүрүш ачылса;

2) банкроттуктун жол-жобосу козголсо.

3) бажы төлөмдөрү боюнча карыздары бар болсо.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн эмес, бул тууралуу мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берген жакка мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн мүмкүн эместиги тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабар берилет.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-62)
