# 60-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн мөөнөттөр жана негиздер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 60-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-60

---

1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн негиздер, аларды берүү мөөнөттөрү Кодекстин 59-беренесинде белгиленген.

2. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна ылайык, товарлар чыгарып берилген күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөткө пайыздарды төлөтпөй берилет.

Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер; бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарлар тез бузулуучу деп эсептелген учурлар;

3. Кодекстин 59-беренесинин 2 жана 3-пункттарында, ушул берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн негиздердин болушу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ырасталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-61)
