# 6-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 6-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-6

---

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) тыюу салуулар жана чектөөлөр - бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата колдонулуучу, Бирлик жөнүндө келишимге ылайык бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды кошо алгандагы тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, техникалык жөнгө салуу чаралары, санитардык, ветеринардык-санитардык жана (же) карантиндик фитосанитардык чаралар, эксперттик контролдоо чаралары, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияга карата чаралар жана Бирлик жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген радиациялык талаптар;

2) почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигине мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык почталык байланыш кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуучу жак;

3) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн жана түзбөгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жактар-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталгандар;

4) бажы органдары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажыканалар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу ведомстволук башка бөлүктөр;

5) бажы төлөмдөрү - бажы органдары тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар.

2. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде, Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталган маанисинде колдонулат.

3. Эгерде Кодексте башкача каралбаса, анда ушул Мыйзамда пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-7)
