# 59-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 59-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-59

---

1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.

2. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганда мындай бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы органы тарабынан ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.

3. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы алымдары же салыктары боюнча, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын бардык суммасына карата берилиши мүмкүн.

4. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз бажы органы тарабынан катталган күндөн тартып он беш календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-60)
