# 55-берене. Кыргыз Республикасында ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, шарттуу түрдө чыгарып берилген товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 55-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-55

---

1. Бажы аймагында шарттуу түрдө чыгарып берилген товарларды сатып алуу үчүн ички керектөөгө чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна, Бирликтин товарлары статусуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткаруу талап кылынган учурларда, мындай милдетти аткаруу декларант (анын укук улантуучусу) же мындай товарларга ээлик кылуу укугуна ээ болгон башка жак тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды шарттуу чыгарып берүүчү бажы органына берген арыздарынын негизинде, товарларды шарттуу түрдө чыгарып берүү жүзөгө ашырылган бажы декларациясынын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылганы тууралуу төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

3. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу товарларды шарттуу чыгарып берүү жүргүзүлгөн бажы декларациясында эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.

4. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы алымдары Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алып келүү ставкалары боюнча эсептелген ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын жана товарларды чыгарып берүүдө төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын ортосундагы айырманын өлчөмүндө төлөнөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 52-беренесинде аныкталган эсептерге төлөнүүгө тийиш.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммаларына туумдар эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-56)
