# 44-берене. Бажы жыйымдарын төлөөчүлөр, бажы жыйымдары салынуучу объекттер, бажы жыйымдарын эсептөө үчүн база, бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, бажы жыйымдарын өндүрүү жана кайра кайтарып берүү (эсепке алуу), аларды төлөө мөөнөтү жана тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 44-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-44

---

1. Декларант жана бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет келип чыккан башка жактар бажы жыйымдарын төлөөчүлөр болуп эсептелет.

2. Бажы жыйымдары салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар саналат.

3. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдарды эсептөөгө карата база болуп товарлардын бажылык наркы эсептелет. Бажы аймагына жеке жактар тарабынан ташып келинүүчү транспорттук каражаттарга карата бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдардын тастыктала турган өлчөмдөрү аныкталат. Электрондук соода товарларына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бажы органдарынын товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүсү үчүн жыйымдардын белгиленген өлчөмдөрү аныкталат.

4. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдар бажы декларациясын бергенге чейин жана аны берүү менен бир убакытта төлөнөт.

5. Бажылык коштоо үчүн, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн бажы жыйымдары бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу иш жүзүндө жүзөгө ашырылып баштаганга чейин да, багытталган бажы органында бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу аяктагандан кийин да төлөнүшү мүмкүн.

6. Алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым арызды берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.

7. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүүдө бажы органдарынын товарды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөөнүн мөөнөтү болуп бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлгөн күн, ал эми, эгерде бул күндү аныктоо мүмкүн болбогон учурда - товарларды мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталган күн эсептелет.

8. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөө боюнча милдет бажы жыйымдарын төлөөчүдө бажы декларациясын каттаган учурдан тартып келип чыгат.

Бажылык коштоо үчүн жыйымды жана алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйымды төлөө боюнча милдет көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн жак бажы органына кайрылганда келип чыгат.

9. Бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттер аткарылганда;

2) бажы органдары бажы жыйымдарын өндүрүп алганда;

3) бажы декларациясы чакыртып алынганда же товарларды чыгаруу жокко чыгарылганда.

10. Бажы жыйымдары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептелет жана ушул Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке төлөнүүгө тийиш.

11. Бажы жыйымдарын өндүрүп алуу жана кайра кайтарып берүү (эсепке алуу) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бажы алымдарын, салыктарды өндүрүп алууга жана кайтарып берүүгө (эсепке алууга) жараша жүргүзүлөт.

12. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-45)
