# 42-берене. Бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн жыйым

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 42-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-42

---

1. Кодекстин 341 жана 343-беренелеринде белгиленген учурларда бажы органдары бажылык коштоону, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга укуктуу.

2. Товарларды ташып бараткан ар бир транспорттук каражатты, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорттук каражатты бажылык коштоо үчүн, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн аралыктын ар бир километрине эсептик көрсөткүчтүн 1/10 (ондон бир) өлчөмүндө бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар алынат.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-43)
