# 36-берене. Бажы аймагына ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 36-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-36

---

1. Жактардын арыздары боюнча бажылык декларациялоодо бажылык операцияларды жүргүзүү убактысын кыскартуу максатында, бажы органдары товарларды бажылык декларациялоого чейин бажы аймагына ташып келинген мындай товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдерди (мындан ары - товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим) кабыл алат.

Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим бажы органы товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тууралуу арызды каттаган күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат. Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тартиби Кодекстин 33-35-беренелеринде аныкталган.

2. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим кабыл алынган товарларды бажылык декларациялоодо, алардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар ушундай алдын ала чечимге товарлардын декларациясында ылайык көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-37)
