# 35-берене. Тарифтик преференцияларды калыбына келтирүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 35-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-35

---

1. Эгерде товардын келип чыгышы ушул Мыйзамдын 32-34-беренелерине ылайык так ырасталбаса, мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата тарифтик преференциялар бажы органдары товарларга декларацияларды каттаган күндөн тартып он эки ай өткөнгө чейин ушул товарлар чыккан өлкө ырасталган шартта калыбына келтирилет. Мындай учурда ташып келүүдөгү бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайра кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) тийиш.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-36)
