# 30-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 30-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-30

---

1. Бажы аймагына алып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо Бирлик жөнүндө келишимде каралган максаттарда жана товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери (мындан ары - ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери) боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Мүчө-мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгон учурда, эгерде Комиссия актыларында башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыккан өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.

3. Бажы аймагынан ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышы, эгерде Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Бирликтин үчүнчү тарап менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдеринде башкача эрежелер белгиленбесе, Комиссия тарабынан белгиленген эрежелер боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-31)
