# 27-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү жана мындай чечимге коюлуучу талаптар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 27-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-27

---

1. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кошумча маалымат берүү зарыл болгон учурда, жакты бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама катталган күндөн тартып мөөнөттүн өтүүсү токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти бажы органы алган күндөн тартып кайрадан улантылат.

2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:

1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган бажы органынын аталышы;

2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номери жана анын кабыл алынган датасы;

3) мындай товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жак жөнүндө маалымат;

4) товардын толук аталышы;

5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин жүйөлөрү жана негиздери;

6) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын он орундуу коду;

7) товардын компоненттеринин тизмеги, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрдүн аталышы;

б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин коду;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзгөн бөлүктөрдүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдигиндеги саны жана салмагы;

г) товардын компоненттерин ташып киргизүүчү тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктоочу документтердин же бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка документтердин реквизиттери;

8) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалымат;

9) кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтар.

3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге бажы органынын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол коёт жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-28)
