# 25-берене. Бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды классификациялоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 25-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-25

---

1. Убакыттын кандайдыр бир мезгилинин ичинде өзүнчө компонент түрүндө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарлар (мындан ары - кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товар) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык, төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда, комплекттелген же бүтүрүлгөн товарлардын коду менен классификацияланышы мүмкүн:

1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим бар болгондо;

2) бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында товарды бажылык декларациялоо бир бажы органына бир декларант тарабынан жүзөгө ашырылса;

3) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим берилген жак товардын компонентинин декларанты болуп саналса;

4) декларант, товарды жеткирүү мөөнөттөрү, товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык санын жана кодун көрсөтүү менен товардын жана ага кирген компоненттердин сыпаттамасы камтылган пландалган жеткирүүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама бажы органына берилсе.

Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарга карата Кодекстин 23-26-беренелеринде аныкталган тартипте мындай товарды квалификациялоо жөнүндө алдын ала чечим алынышы мүмкүн.

2. Комплекттелген же бүтүрүлгөн товардын кодун Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүү менен, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 101-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттерин чыгаруу жүзөгө ашырылбаса, мындай компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлгөн компоненттерге карата колдонулуучу Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык коддор боюнча классификацияланат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-26)
