# 248-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 248-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-248

---

1. Бажы аймагындагы кайсы болбосун бажы органына товарларга карата декларация, электрондук соода товарларына карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдер күчүнө киргенге чейин товарларга карата декларация Кодекстин 449-беренесине ылайык берилет.

2. Кодекс күчүнө кирген күнгө карата убактылуу сактоодо турган товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү Кодекстин 101-беренесине ылайык эсептелет.

3. Кодекс жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин бажы органы тарабынан бажы декларациясы катталган товарлар, бул бажы декларациясын бажы органы каттаган күнгө карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда, билдирилген бажы жол-жобосу астында жайгаштырылууга тийиш.

4. Кодекс күчүнө киргенге чейин бажылык декларациялоо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 194-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 224-228-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылган товарларга карата аларды чыгарып берүүгө, бажы жол-жоболоруна жайгаштырууга жана (же) бажы жол-жоболорун колдонууну аяктоого байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү Кодекс жана ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-247)  
Кийинки берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-249)
