# 247-берене. Кодекстин 59-беренесине карата өткөөл жоболор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 247-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-247

---

1. Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн, ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеги Комиссия тарабынан аныкталганга чейин:

1) Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасын колдонуу максатында айыл чарба техникасына Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 842481, 843351 жана 843359 субпозицияларында классификациялануучу айыл чарба техникасы кирет;

2) Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн болгон башка товарлардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы мүмкүн.

2. Кодекстин 59-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн, ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеги Комиссия тарабынан аныкталганга чейин, Кодекстин 60-беренесине ылайык ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды төлөө менен ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарган күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөткө, 2010-жылдын 21-майындагы Бажы алымдарын төлөөнүн негиздери, шарттары жана мөөнөтүн өзгөртүү тартиби жөнүндө макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүгүнүн 7-пунктчасында каралган негиздер болгондо жана көрсөтүлгөн пункттун 2 жана 3-бөлүктөрүн эске алуу менен берилет.

Көрсөтүлгөн негиз боюнча ташып келүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө Кодекстин 8-главасына ылайык берилет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-248)
