# 246-берене. Жалпы өткөөл жоболор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 246-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-246

---

1. Ушул Мыйзам Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жөнгө салынуучу жана ал күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

2. Өткөөл жоболорду колдонуу ушул бөлүмдө белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин IX бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде Кодекске ылайык кабыл алынуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар Кодекс күчүнө кирген учурга карата күчүнө кире элек болсо, алар күчүнө киргенге чейин, эгерде Кодекстин 444-беренесинде башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары колдонулат.

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-247)
