# 243-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан айрым бажы операцияларын жүргүзүүнүн, товарларды убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү жана бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 243-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-243

---

Бажы аймагына товарлардын ташып келинишине же бажы аймагынан товарлардын ташып кетилишине байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, орун-жайларында (орун-жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) товарларды убактылуу сактоо, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, орун-жайларында (орун-жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) түзүлгөн бажы контролу зонасына товарларды жеткирүүдө бажы транзитинин бажы жол-жобосун колдонууну аяктоо, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларант болгон товарларга карата декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгаруу Кодекстин 438-441-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-242)  
Кийинки берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-244)
