# 24-берене. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, мындай алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же аны чакыртып алуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 24-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-24

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кодекстин 26-беренесине ылайык, товарды классификациялоо жөнүндө өзү кабыл алган алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди, ошондой эле товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө же чакыртып алуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

2. Товарды классификациялоо тууралуу алдын ала чечимди чакыртып алуу жөнүндө чечим Кодекстин 26-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган учурда, Дүйнөлүк бажы уюмунун тиешелүү чечимдери расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат жана мындай чечимдер күчүнө кирген күңдөн тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-25)
