# 239-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 239-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-239

---

1. Юридикалык жактарды ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү Кодекстин 434-беренесинде белгиленген тартипте, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү үчүн юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет. Бул арыздын формасы, аны толтуруу тартиби жана анда келтирилген маалыматтарды ырастоочу документтердин тизмеги Комиссия тарабынан аныкталат.

2. Арызды кароо мөөнөтү ал катталган күндөн тартып отуз календарлык күндөн ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-240)
