# 235-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 235-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-235

---

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кодекстин 61-главасында, ушул главада жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринде белгиленген тартипте жана шарттарды сактоо менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жак саналат.

2. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк берилет.

3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тобокелдиктин төмөнкү деңгээлиндеги категориясына кирет.

4. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жана аны мындай реестрден чыгаруу тартиби, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү берүү, анын колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңыртуу тартиби Кодексте белгиленет, ал эми Кодексте жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү, аны мындай реестрден чыгаруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңыртуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын мындай реестрге киргизүү шарттарын сакташын текшерүүдө, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун аны мындай реестрге киргизүү шарттарын сакташын контролдоодо Кодекстин VI бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө каралган бажы контролу формалары жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чаралар көрүлүшү мүмкүн.

7. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кодекстин 437-беренесинде каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү бажы аймагында Кодекстин жана ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен пайдаланууга укуктуу.

8. Бирликтин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, Кодекстин 437-беренесинде каралган айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөр Бирликтин мүчөлөрү болуп эсептелбеген мамлекеттердин ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна өз ара негизде берилиши мүмкүн.

Мындай атайын женөкөйлөтүүлөр мындай эл аралык келишимдердин тараптары болуп эсептелген мамлекеттердин аймагында гана колдонулушу мүмкүн. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [234-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234-5)  
Кийинки берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-236)
