# 234-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 234-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234

---

Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 427-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында жана ушул Мыйзамдын 232-беренесинде белгиленген, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) Кодекстин 244-беренесинин 3-пунктунда белгиленген, алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шарттарын сактоого;

3) алымсыз сооданын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган жана алымсыз соода дүкөнүндө сатылбаган товарлардын сакталышын камсыздоого;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;

5) алымсыз соода дүкөнүнө товарлардын келип түшүүсүнүн жана бул дүкөндө алардын сатылышынын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен берүүгө;

6) Кодекстин 247-беренесине каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүгүн Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

7) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүүдө ага берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү тууралуу ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтерди берүүгө;

8) Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

42-1-глава. Электрондук соода оператору

(Глава КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-233)  
Кийинки берене: [234-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234-1)
