# 234-2-берене. Электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 234-2-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234-2

---

1. Электрондук соода оператору катары ишти жүзөгө ашырууга талапкер болгон юридикалык жакты электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) курулмалардын (орун-жайлардын, аянтчалардын) менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар (орун-жайлар, аянтчалар) бажы органы электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну каттаган күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга (орун-жайларга, аянтчаларга) карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;

2) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин Комиссия тарабынан аныкталган өлчөмдө аткарылышын камсыз кылуу;

3) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө бажы органына кайрылууну бажы органы каттаган күнгө карата төмөнкүлөрдүн жоктугу:

- бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттер;

- юридикалык жакка карата банкроттук жол-жобосу козголгон фактылар;

- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө чейин бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу фактылары;

- электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүүгө талапкер болгон юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон ошол юридикалык жактын акционерлери болуп саналган жеке жактарды, анын уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу фактылары;

4) электрондук соода товарлары, мындай товарлар менен жасалган операциялар жана мындай товарларды сатып алган жеке жактар жөнүндө электрондук документтерди жана маалыматтарды жөнөтүү максатында бажы органдарынын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системанын болушу;

5) электрондук соода операторунун өкүл болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон жарандык жоопкерчилик тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу камсыздандыруу суммасына камсыздандыруу келишиминин болушу;

6) штатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документи бар кеминде эки кызматкердин болушу;

7) бажы органдарынын талабы боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген формада берүү жөнүндө милдеттенме;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү башка шарттар.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун Комиссия белгилеген өлчөмдөн ашкан өлчөмүн, анын ичинде электрондук соода операторунун өз ишинин чөйрөсүн жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына же жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү аркылуу чектөөсүн эске алуу менен белгилениши мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [234-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234-1)  
Кийинки берене: [234-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234-3)
