# 233-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 233-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-233

---

Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсин алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кодекстин 428-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;

2) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө бир жылдын ичинде үч же андан көп укук бузуулардын болушу;

3) соттун чечими;

4) алымсыз соода дүкөнүнүн ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүн банкрот деп жарыялоосу.

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-234)
