# 231-берене. Алымсыз соода дүкөндөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 231-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-231

---

1. Алымсыз соода дүкөндөрү болуп соода залдарынан жана кампаларынан, ошондой эле кошумча орун-жайлардан (бар болсо) турган, атайын аныкталган жана курулган курулмалар жана (же) орун-жайлар (жайлардын бөлүктөрү) саналат.

2. Алымсыз соода дүкөнү жак алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.

3. Алымсыз соода дүкөнүнүн иштеши алымсыз соода дүкөнүнүн ээси алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайгашышына, ыңгайлаштырылышына жана жабдылышына, анын ичинде видео байкоо системасы менен жабдылышына карата талаптар, аларды уюштуруу жана иштетүү тартиби, ошондой эле алымсыз соода дүкөндөрүнөн товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-230)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-232)
