# 23-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдер жана түшүндүрмөлөр

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 23-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-23

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууга жана түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн чечимдер жана түшүндүрмөлөр бажы аймагында бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоодо милдеттүү болуп саналат.

2. Ушул берененин жоболорун колдонуу максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрү деп конкреттүү аталыштары, конкреттүү маркасы, модели, артикулу, модификациясы жана башка ушуга окшош жеке мүнөздөмөсү бар товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бир кодго киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү жалпы классификациялык белгилерге ээ болгон товарлардын жыйындысы түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-24)
