# 229-берене. Эркин кампа ээсинин милдеттери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 229-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-229

---

Эркин кампа ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 422-беренесинин экинчи жана төртүнчү абзацтарында, ушул Мыйзамдын 227-беренесинде белгиленген эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) эркин кампанын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн камсыздоого;

3) эркин кампанын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шартын сактоого;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;

5) эркин кампанын бажы бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жана алар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле эркин кампанын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берүүгө;

6) эркин кампанын кызматкерлери болбогон же эркин кампадагы товарларга карата ыйгарым укуктары жок чоочун адамдарды бажы органдарынын уруксатысыз эркин кампага киргизбөөгө;

7) эркин кампадагы товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

8) Кодекстин 216-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-берененин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

9) аны эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизген бажы органына эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүдө ага берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;

10) Кодексте жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-230)
