# 228-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 228-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-228

---

Эркин кампанын ээсин эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинин экинчи-тогузунчу абзацтарында каралган милдеттердин аткарылбашы;

2) эркин кампанын ээсинин аны эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу жөнүндө арызы;

3) эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу;

4) эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулушу;

5) эркин кампанын ээси катары анын ишин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон себептердин мындай токтотуп туруунун мөөнөтү аяктаган датага карата четтетилбеши;

6) бул ишти токтотуп туруу мезгилинде эркин кампанын ээси катары ишкердик ишти жүзөгө ашыруу;

7) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими;

8) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 229-беренесинде каралган милдеттердин сакталбашы;

9) эркин кампанын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө бир жылдын ичинде үч же андан көп бузуулардын жасалышы.

---

Мурунку берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-227)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-229)
