# 227-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 227-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-227

---

Эркин кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) эркин кампа катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган милдеттердин болбошу;

3) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарына берилген маалыматтарды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарга салыштырууга мүмкүндүк берүүчү, товарларды эсепке алуу системасынын болушу;

4) эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө экономикалык негиздеме;

5) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары каттоосунун болушу жана салыктар боюнча карыздарынын болбошу;

6) арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын болбошу;

7) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

8) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-226)  
Кийинки берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-228)
