# 226-берене. Эркин кампалар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 226-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-226

---

1. Имараттар (имараттардын бөлүктөрү), имараттардын комплекси, ыңгайлаштырылган жана жабдылган аймактар жана (же) ачык аянттар (мындан ары ушул главада - курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар) эркин кампалар болуп эсептелет, алар кайтарууга алынат же болбосо аларда жеке жактардын кирүүсүн контролдоо режими болот жана алардын чегинде Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык эркин кампалык бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлар, ошондой эле Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык башка товарлар жайгаштырылышы жана пайдаланылышы мүмкүн.

2. Жак эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып эркин кампа уюштурулду деп эсептелет.

3. Эркин кампанын иштеши эркин кампанын ээси эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Эркин кампа катары пайдаланууга арналган же пайдаланылган курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылышына жана жабдылышына карата талаптар, анын ичинде эркин кампанын аймагынын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптар, ошондой эле эркин кампаларды уюштуруунун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Эркин кампанын аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу боюнча талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдардын киришинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-225)  
Кийинки берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-227)
