# 224-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 224-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-224

---

Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 417-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында белгиленген бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) Кодекстин 156-беренесинин 2-пунктунда, товарлардын бажы кампасында турушу жана бажы кампасынын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлар менен операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө белгиленген бажы кампасынын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шарттарын сактоого;

3) бажы кампасындагы товарлардын сакталышын камсыз кылууга;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

5) бажы кампасында сакталып турган товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берүүгө;

6) бажы кампасынын кызматкерлери болбогон же бажы кампасында сакталып турган товарларга карата ыйгарым укукка ээ болбогон чоочун адамдарды бажы органдарынын уруксатысыз бажы кампасына киргизбөөгө;

7) бажы кампасында сакталып турган товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

8) бажы кампасынын иштеши токтотулган учурда бул кампанын иштешин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мындай чечим тууралуу бажы кампасына товарларын жайгаштырган жактарга кабарлоого;

9) Кодекстин 162-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

10) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүдө берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ага мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;

11) Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

---

Мурунку берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-223)  
Кийинки берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-225)
