# 222-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 222-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-222

---

Бажы иши чөйрөсүндө бажы кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада турушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) ачык типтеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган юридикалык жактар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени, мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишиминин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

3) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган милдеттүүлүктүн жок экени;

4) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттерин аткарууну 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

5) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролундагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экени;

6) арыз берген күнгө карата алганда бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын жок экени;

7) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-221)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-223)
