# 221-берене. Бажы кампалары жана алардын типтери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 221-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-221

---

1. Бажы кампалары болуп экспорттоо бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте башка товарларды сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана курулган курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар саналат.

2. Бажы кампасы жак бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.

3. Бажы кампасынын иштеши бажы кампасынын ээси бажы кампаларынын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Бажы кампалары, эгерде алар каалаган товарларды сактоо жана товарларга карата ыйгарым укугу бар каалаган жактын пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болсо, ачык типтеги кампалар болуп эсептелет. Бажы кампалары, эгерде алар ошол бажы кампасынын ээсинин товарларын сактоо же жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн арналса, жабык типтеги кампалар болуп эсептелет. Жабык типтеги бажы кампаларында сактоого жол берилген товарлардын айрым категориялары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Бажы кампасы катары пайдаланууга арналган же пайдаланылуучу курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылышына жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле аларды уюштуруунун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине Талаптар (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-222)
