# 218-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 218-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-218

---

Убактылуу сактоо кампасынын ээсин убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кодекстин 413-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;

2) убактылуу сактоо кампасынын ээсинин бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндө үч же андан көп укук бузуусу;

3) соттун чечими;

4) кампа ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүнүн банкроттугун жарыялоосу;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка негиздер.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-217)  
Кийинки берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-219)
