# 216-берене. Убактылуу сактоо кампасы

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 216-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-216

---

1. Товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана ыңгайлаштырылган курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар убактылуу сактоо кампалары болуп эсептелет.

2. Убактылуу сактоо кампасы жак убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.

3. Убактылуу сактоо кампасынын иштеши убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Убактылуу сактоо кампасы катары пайдаланууга арналган же пайдаланылуучу курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле алардын уюштуруунун жана иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине Талаптар (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-215)  
Кийинки берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-217)
