# 214-берене. Бажы жүк ташуучусунун милдеттери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 214-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-214

---

Бажы жүк ташуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 407-беренесинин 1-пунктунун 2-4-пунктчапарында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 212-беренесинде белгиленген бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттарды сактоого жана талаптарды аткарууга;

3) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ташылуучу (транспорттолуучу) товарлардын эсебин жүргүзүү жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарларды, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен ташуу (транспорттоо) жөнүндө отчеттуулукту берүүгө;

4) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, товарларды жөнөтүүчүдөн, аларды алуучудан же экспедитордон алынган мамлекеттик, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды (жашырын сырды) түзгөн маалыматтарды, ошондой эле башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, өз максатында пайдаланбоого жана башка жактарга бербөөгө;

5) Кодекстин 153 жана 309-беренелерине ылайык бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана 270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

6) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүүдө ал тарабынан берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн тартып же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтерди берүүгө.

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-213)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-215)
