# 212-берене. Бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүү шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 212-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-212

---

Бажы жүк ташуучусу катары бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактарды бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата алганда кеминде эки жыл ичинде жүк ташуу;

2) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын 200 миң еврого эквиваленттүү өлчөмдө, ал эми Комиссия тарабынан камсыздоонун башка өлчөмү аныкталса - Комиссия тарабынан аныкталган өлчөмдө камсыздоо;

3) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жүк ташуу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин мындай түрүнө карата аталган документтин болушу;

4) товарларды ташуу үчүн колдонулуучу транспорттук каражаттардын, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган критерийлерге туура келген, транспорттук каражаттарды ыңгайлаштыруунун жана жабдуунун конкреттүү талаптарына жооп берген транспорттук каражаттардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы;

5) бажы органына кайрылган күнгө карата алганда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок экени;

6) арыз берилген күнгө карата алганда бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү бузуу же кылмыш үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын жок экени;

7) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени;

8) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-211)  
Кийинки берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-213)
