# 211-берене. Бажы жүк ташуучусунун иши

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 211-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-211

---

1. Бажы жүк ташуучусу бажы контролунда турган товарларды бажы аймагы боюнча ташууну (транспорттоону) жүзөгө ашырат.

2. Бажы жүк ташуучусунун статусу Комиссия аныктаган формадагы документ менен ырасталат.

Көрсөтүлгөн документ бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. Эгерде бажы органдары тарабынан мындай документ жөнүндө маалыматты Кодекстин 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык бажы органдарынын маалыматтык системасынан алууга мүмкүн болсо, товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосу астында жайгаштырууда бажы жүк ташуучусу статусу ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн документти бербестен эле ырасталат.

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-210)  
Кийинки берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-212)
