# 209-берене. Бажы өкүлүнүн укуктары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 209-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-209

---

1. Бажы өкүлү бажы операцияларын жүргүзүүдө Кодекстин 404-беренесинин 1 жана 2-пункттарында аныкталган укуктарга ээ болот.

2. Бажы өкүлү товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүү, өзүнчө бажы операцияларын жүргүзүү же ишти жүзөгө ашыруунун өзүнчө регионунда бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөөгө укуктуу.

3. Айрым бажы өкүлдөрүнө жеке мүнөздөгү айрыкча (эксклюзивдик) укуктарды жана башка артыкчылыктарды берүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-208)  
Кийинки берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-210)
