# 208-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 208-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-208

---

1. Бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кодекстин 403-беренесинин 1-пунктунун 1-5-пунктчаларында каралган негиздер;

2) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде жазыктык жоопкерчиликтин бар болушу;

3) бир жылдын ичинде бажы өкүлүнүн бажы иши чөйрөсүндө үч же андан көп бузууларды жасагандыгы;

4) ал өкүлү болгон жактарга залал келтирилгендиги, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында залал келтиргендиги мыйзамда белгиленген тартипте далилденгенде;

5) юридикалык жактын кудуретсиз (банкрот) деп таанылгандыгы же ал өзүн банкрот деп жарыялагандыгы;

6) контролдук текшерүүнү жүргүзүүдө белгиленген, бузууларды бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча мурда айкындалган фактылардын четтетилбегендиги;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка негиздер.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусу бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакыртып алууга алып келет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-207)  
Кийинки берене: [209-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-209)
