# 206-берене. Бажы өкүлүнүн иши

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 206-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-206

---

1. Бажы өкүлү бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларанттын же башка кызыкдар жактардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында бажы операцияларын жүргүзөт.

2. Бажы өкүлүнүн декларанттар же башка кызыкдар жактар менен мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.

3. Түздөн-түз бажы операцияларын жүргүзүүчү бажы өкүлүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптарды жана мындай адамдарга бул квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документти берүү шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-207)
