# 204-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 204-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-204

---

1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо жөнүндө жаппы жобо Кодекстин 399-беренесинде белгиленген.

2. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо, ушул Мыйзамга ылайык, мындай камсыздоо бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн шарты болуп эсептелген учурда берилет.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жак тарабынан берилет.

4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышы ушул Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген ыкмалар менен камсыздалат.

5. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо үчүн мындай жак Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген кайсы болбосун ыкманы тандоого укуктуу.

6. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышы ага камсыздоону берген юридикалык жактын тандоосу боюнча бир канча ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн.

7. Эгерде бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын милдеттеринин аткарылышын алмашылып жаткан камсыздоого Кодекстин 11-главасына, 77 жана 270-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 77-беренесине ылайык өндүрүп алуу багытталбаса, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо берип жаткан юридикалык жак камсыздоонун бир ыкмасын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун башка ыкмасы менен алмаштырууга укуктуу.

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо ыкмаларын колдонуунун тартибин, камсыздоонун бир ыкмасын башкасы менен алмаштыруунун тартибин, ошондой эле мындай камсыздоо жүргүзүлгөн валютаны белгилейт.

9. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын Кодекстин 399-беренесинин 13-пунктунда белгиленген учурларда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелери болбогон учурда мындай жакка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте милдеттеринин аткарылышын камсыздоо кайра кайтарылат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-205)
