# 203-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестри

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 203-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-203

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт жана алып барат жана аны бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына кеминде бир айда бир жолу жайгаштырат.

2. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтар Комиссия тарабынан аныкталуучу, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтарды берүүнүн техникалык шарттарын эске алуу менен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Реестрге өзгөртүү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып он беш жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-202)  
Кийинки берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-204)
